• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто бир катар муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-октябрда Ош шаардык мэриясында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнүнүн алкагында, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги менен айырмаланган бир катар муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев катышып, МАБдын кызматкерлеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен өз ара байланышын чыңдоого кошкон салымын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардын аймактык башкармалыктардын бир катар кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Мындан тышкары, МАБдын айрым жетекчилерине жана шаардык мэриянын кызматкерлерине «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын отличниги» ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Белгилей кетсек, октябрь айынын акыркы жекшембисинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын күнү жыл сайын белгиленип келет.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин "Баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2003-жылдын январдагы 15-Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-мартындагы №107 токтому менен бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий