• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусунда эт багытындагы койлордун көргөзмөсү өтөт

Аймак 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-сентябрында Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги облустук эт багытындагы койлордун биринчи аймактык көргөзмөсүн өткөрөт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара популяризациялоо, тажрыйба алмашуу жана селекциялык жетишкендиктер боюнча асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Көргөзмө Талас районундагы Э.Кутманалиев атындагы стадионунда өтмөкчү.

Ал эми 2021-жылдын 18-сентябрында саат 9.00дө Кара-Балта шаарында "Арашан" породасындагы койлордун республикалык көргөзмөсү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий