• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зилалиев жумушчу сапары менен Баткенге келди

Аймак 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Вице-премьер-министр, КРнын Президентин шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыктарын көрүп чыкты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, вице-премьер облустун активи менен жолугушуп, шайлоого карата даярдык боюнча маалымат алды.

Облустун даярдыгы боюнча КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев маалымат берди.

Маалыматка ылайык, облустун шайлоого карата даярдыгы өз нугунда. Облус боюнча учурда 245 868 шайлоочу бар. Ал эми шайлоо участкаларынын саны 200дү түзөт.

159 жаранда 1974-1994-жылдагы үлгүдөгү эски паспорт болсо, алар менен иш алып баруунун натыйжасында 141 эски паспорт алмаштырылган.

Биометрикалык каттоодон өтпөй калган жарандарды өткөрүү үчүн жалпы областын аймагында 12 аппарат, жарандарды биометрикадан өткөрүп жатат.

Ошондой эле Баткен облусуна 443 автоматтык урналар келип түшүп, алыскы шайлоо участкаларына планшеттер жеткирилген.

Вице-премьер-министр иш сапарынын алкагында Баткен шаарында курулуп, пайдаланууга берүү алдында турган биофабрикага барды.

Жалпы сметалык баасы 14млн сомду түзгөн имарат Республикада биринчилерден болуп Баткен шаарында курулду. Керектүү болгон акыркы үлгүдөгү жабдуулар да орнотулуп бүткөн.

Кыргыз Агро борборунун директору Жаңыбай Тумановдун айтымында биофабрика аймакта экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүдө зор маанинге ээ.

Бул мекемеде учурда айыл чарба багытында өндүрүлүүчү бардык азык-түлүктөрдү зыянкечтерден жана ар кандай илдеттерден сактоочу биологиялык, адам баласынын ден соолугуна зыянсыз дарылар чыгарылууда.

Дүйшөнбек Зилалиев андан ары Ветеринардык дарт аныктоочу жана экспертиза борборунун курулушу менен таанышты. Имараттын жалпы сметалык баасы 27млн 583 миң сомду түзөт.

Бул мекеме ишке берилсе Евробиримдикке кирген мамлекеттерге евро стандарттын негизинде малдан өндүрүлгөн продукциялардын сапаты, курамы текшерилип, экспорттоого сертификат берилет. Ошондой эле малдын жугуштуу ооруларын аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий