• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министри Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, талкуунун негизги темасы Пакистан медициналык кеңешинин КРдагы медицина тармагынын адистерин даярдаган ЖОЖдорду “кара тизмеге” киргизүүсү болду. Мындан сырткары, жалпы эле билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу дагы талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы абалга алып келген жагдайлар, ошондой эле азыркы маселени тез арада чечүү жолдору талкууланды. Бейшеналиев мындан ары ЖОЖдорго министрлик тарабынан жаңы талаптар коюларын белгиледи:

• Эл аралык аккредитациялардан өтүү;

• Чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу;

• ЖОЖдордогу материалдык-техникалык жана лаборатордук-клиникалык базалардын жабдылуусун жакшыртуу.

Министр Бейшеналиев Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын жаңылап, Кыргызстанды аймактагы жогорку сапаттагы билим берген, билимди, анын ичинде медициналык тармактагы билимди дагы экспорттоого багытталган, билим берүү чордонуна айландыруу тапшырмасы коюлганын маалымдады.

Ошодой эле Бейшеналиев кыргыз тараптын илимий-изилдөөлөрдү эки өлкө чогуу жүргүзүп кызматташуусуна, анын ичинде эки өлкөнүн Илимдер академиясынын кызматташуусуна жана окумуштуулардын тажрыйбаларын алмашууга кызыктар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кыргыз тарап жакын арада Пакистандын КРдагы элчилигине КР ЖОЖдорун “кара тизмеден” чыгаруу маселесин чечүү жолдорун, анын ичинде эки өлкөнүн биргелешкен баалоо комиссиясынын түзүлүүсүн камтыган расмий кат жолдоого милдеттенди. Пакистан тарап өз кезегинде, бул маселенин тез арада чечилишине, ошондой эле келечекте Кыргызстанда билим алган пакистандык студенттердин көбөйүшүнө жана КР жарандарына Пакистандын ЖОЖдорунда ар түрдүү багыттарда билим алуу үчүн квота санын көбөйтүүгө кызыктар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий