• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адылбек Касымалиев ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты. Күн тартибинде 34 маселе каралды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (ЕЭК кеңеши) кезектеги жыйынына катышты.

Армения Республикасынын төрагалыгы астында өткөн ЕЭК кеңешинин отурумунда 34 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Кеңештин мүчөлөрү импорттук бажы, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммаларын которуунун тартиби жөнүндө маселени талкуулашты.

Ошондой эле, Бажы биримдигинин “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилди, мында ТР CU 00/2011 формаларын, схемаларын жана жол-жоболорун белгилөө боюнча өзгөртүүлөр киргизилди, ал ЕЭК кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 44 чечими менен бекитилген болчу.

Кеңештин дагы бир чечими менен Бажы биримдигинин “Жарылуу коркунучу бар чөйрөдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилди (ТР ТC 012/2011).

Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 159 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.

Бул өзгөртүүлөр 2009-жылдагы Ялта келишимине ылайык, ата мекендик өндүрүүчүлөр өз продукцияларын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында мамлекеттик сатып алуулар аркылуу сатууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, комиссиянын кеңешинин отурумунда электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планынын («жол картасы») аткарылышынын жүрүшү, анын ичинде электрондук сооданы өнүктүрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат угулду, ошондой эле Биримдикте товарлардын электрондук соодасы жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштөөнүн жүрүшү каралды.

Белгилей кетсек, жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген, кабыл алынган навигациялык пломбада камтылган маалыматты коргоо боюнча бирдиктүү чараларды кабыл алууга байланышкан маселе да каралды.

Бул чечим Евразия экономикалык биримдигинин алкагында навигациялык пломбада камтылган маалыматты коргоо боюнча бирдиктүү чараларды колдонуу боюнча иш-чаралардын планын бекитет.

Пикир

Оставить комментарий