• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл: кар көчкүдө калган жаран куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 23.12.23./Кабар/. Ысык-Көлдө унаасы кар көчкү астында калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун саат 17:00 чамасында Каракол — Эңилчек жолунун 81-82-чакырымдарында кар көчкү жүрүп, бул аймакта бараткан унааны жолдон сайга сүрүп түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ак-Суу райондук ӨКБнын 4 офицери авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн.

"Куткаруучулар Чоң-Ашуу ашуусуна барган учурда тоодон болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшүп, анын 400 метр кубу жолду каптап калган. Ал эми Нива үлгүсүндөгү унааны ашуудагы жолдон сүрүп түшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Бактыга жараша унаанын ичиндеги жаран катуу жабыркаган эмес.

Куткаруучулар барган учурда жабыркаган жаранды окуяга күбө болгондор унаадан чыгарып, оруканага жеткиришкен. Айдоочунун абалы жакшы экендиги кабарланды.

ӨКМден Каракол — Эңилчек жолундагы кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылгандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий