• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Садыр Жапаров: Мамлекет мындан ары да билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат

Президент 0


Бишкек, 23.12.23./Кабар/. “Мамлекет мындан ары да билим берүү, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга да өзгөчө көңүл бурат”, - деп президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде сүйлөп жатып билдирди.

Быйыл Кыргызстандын бардык университеттеринен 75 студент президенттик стипендияга ээ болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деди:

Кымбаттуу студенттер!
Өлкөнүн келечек ээлери!

Бүгүн биз заманбап илим-билимге эгедер, жаңы санариптик, инновациялык технологияларды мыкты өздөштүргөн коомдо жашап жатабыз. Башкача айтканда, өнүгүүгө бет алган бардык багыттар билимге, илимге негизделип, таянылган учур өкүм сүрүүдө. Мезгил өтүп, жылдар алмашкан сайын билим берүү мурдагыдан да маанилүү, мурдагыдан да баалуу болуп баратканына баарыбыз күбөбүз.

“Асыл таштан, акыл жаштан” деген жакшы кеп бар элибизде. Мен замандын күрөө тамырын кармай билген, дүйнө жүзү кайда багыт алганын талдай билген коомдун сергек катмары дал ушул зирек студенттер деп билем! Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, ата салты менен нарк-насилин барктаган, билимге сугарылган, Мекенин сүйгөн жаштар — биздин келечегибиз деп ишенимдүү айта алам!

Мына ушундай алдыга умтулууну, жаңы ийгиликтерди жаратууну артыкчылыктуу багыт кылып алган, талбай изденген, ойго бай, демилгеси мол келечек ээлери болгон алдынкы студенттер менен жүз көрүшүп, пикир алышып турганыма абдан кубанычтамын! Ошону менен бирге окуудагы албан-албан жетишкендиктериңер үчүн президенттик стипендияга ээ болушуңар менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкөдө билим-илим, маданият, спорт жаатында Мекенибиздин желегин желбиретип, дүйнө жүзүнө тааныткан улан-кыздарыбыз арбын. Ошону менен бирге, биздин жаш муундун өкүлдөрү ар түрдүү долбоорлорго катышып, ийгиликтерди жаратып, учурдун бардык чакырыктарына жооп берүүгө далалат кылып жатышкандыктарын белгилөө өзгөчө жагымдуу.

Өлкөбүздө билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурууга басым жасоо зарылдыгын белгилеп, бул багытта туруктуу иш-аракеттерди камтыган комплекстүү иштерди жүргүзүүнү колдоп келе жатам.

Мамлекет мындан ары да билим берүү, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга да өзгөчө көңүл бурат.

Биз өлкөдө болгон инновациялык мүмкүнчүлүктөр өндүрүштүн керектөөлөрүнө дал келбесе, илим менен өндүрүштүн байланышынын үзүлүшүнө алып келерин унутпашыбыз кажет!

Буга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыгым чыккан. Муну менен 5 алдынкы университет кеңири уюштуруучулук, каржылык, академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө макамга ээ болду. Учурда бул университеттер инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү илимий борборлорго айлануу үстүндө кызуу иш-аракеттерди алып барууда.

Адистер жакынкы жылдарда өндүрүш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 70 пайызга жакын салттуу кесиптер жасалма интеллекттин, роботтордун, автоматташтырылган логистикалык системалардын колдонууга киргизилишинен улам, толугу менен жок болуп кетиши же ал кесиптерге суроо-талап болбой калышы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Мындан улам, коом компетенттүү кадрларга гана эмес, өнүгүү жана инновация менен алектенген чыгармачыл жаштарга да муктаж боло тургандыгын баса белгилеп айта кетейин.

Албетте, мындай шартта айрым тармактар боюнча тереңдетилген билимди талап кылган жаңы адистиктер пайда болору турган иш. Мен мындай турмуш чындыгын азыркы заманда жаштардын орду канчалык маанилүү экенин баса көрсөтүү үчүн айтып жатам.

Андыктан өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга кол сунган жигердүү жаштарга мамлекет ар дайым ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр. Себеби ийгиликтердин башкы ачкычы адам ресурстарына инвестиция жасоо экени буга далил!

Жаштардын андан ары өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү – мамлекеттин бирден-бир милдети. Ошол себептен таланттуу жаш муун өкүлдөрүнө чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана дем берүү максатында жаңы муундун адистерин даярдоо боюнча “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштурдук.

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын өткөн жылкы окуу жылында 9 кыргызстандыкка берилсе, быйыл 17 жигердүү жаштарыбыз алды. Алар дүйнөдөгү 100 эң мыкты университетке кирген окуу жайларга магистр жана докторлук даражаны алуу үчүн билим алып жатышат. Бул аракеттерибиз убакытты көп күттүрбөй жемишин берээрине ишенем. Билимдин артынан сая түшүп, илим кенин казып аткан демилгелүү студенттерибиз – “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына татыктуу болгон жаштарыбыз өз Мекенинин өнүгүп-өсүп, алдынкы өлкөлөр менен теңтайлашуусуна өбөлгө болчу күн дагы алыс эмес.

Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары!

Бүгүн биз устат педагогдорубуз жөнүндө да эки ооз сөз айтып кетпесек болбойт. Белгилеген максаттарга жетүү үчүн педагог, насаатчыларыбыз ар дайым изденүүгө жана жаңыча иштөөгө умтулуусу зарылдыгын белгилегим келет. Себеби, устаттардын ар бир сөзү, терең билими, берген багыты менен жаңыча ой жүгүртө билген, жаңы идеяларды демилгелеген, жаратман жаштардын пайдубалы түптөлөт. Мында, эң башкысы, заманга шайкеш келген, күчтүү, билимдүү, таза жаңы муун өсүп чыгып келе жатканын эсибизден чыгарбайлы.

Ошентип, ар бирибиз Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө конкреттүү түрдө салым кошконубузда гана өлкөбүз өнүгүүнүн даңгыр жолуна чыгат!

Урматтуу студенттер! Кымбаттуу достор!

Дагы бир жолу президенттик стипендияга ээ болушуңар менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкө жетекчилиги мындан ары да мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошот деп үмүт арткан жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды колдоого даяр.

Жалындаган жаштык жигер, курч мүнөз, таза жүрөк, өжөр эмгек аркылуу өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн жаңы идеялар, жакшы демилгелер менен турмуш агымын жиреп кете бериңиздер! Кыргызстан эли силердин ар бириңерге чоң үмүт артып турат!

Өлкөбүздүн туусун бийик көтөргүлө! Намысын талашкыла! Кыргызстаныбыз менен сыймыктангыла!

Билим, илим жолундагы сапарыңар байсалдуу болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий