• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарында дайынсыз болгон жаран изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Нарын шаарынын 53 жаштагы С.В. аттуу тургунун издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн издөө иштерине 5 куткаруучу тартылды.

Учурда куткаруучулар ал жаранды шаарды аралай аккан Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан издеп жатышат.

Белгилей кетсек, С.В. аттуу шаар тургуну 11-ноябрда болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайтып келген эмес. Буга издөө иштери жүргүзүлүп, бирок натыйжа берген эмес.

Пикир

Оставить комментарий