• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Шакиев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Джавад Авадды кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад менен жолугушту.

ЖКнын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакалар тууралуу сөз болуп, элчи Палестинадагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берди.

Төрага Нурланбек Шакиев Палестинанын Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи.

"Чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз адамзат тарыхындагы бул кайгылуу алааматтын тезирээк токтошуна тилектешпиз”, – деди төрага.

Муну менен катар төрага жакында Эр-Рияд шаарында Палестина аймагындагы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз VIII Ислам саммити өткөрүлгөнүн эске салды.

“Жогорудагы иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышып, ок атышууну токтотууга, ошондой эле эл аралык коомчулукту Газа тилкесиндеги жарандарга гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга чакырды. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которуу чечимин кабыл алдык. Мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен гуманитардык жардамдар да жөнөтүлөт”, – деди Шакиев.

Өз кезегинде Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад Израилдин баскынчылыгы 7-октябрда эле башталбагандынын белгиледи.

“75 жылдан бери уланып келе жаткан зомбулук азыркы учурда түрдүү алааматтар менен коштолууда. Акыркы баскынчылыктын кесепетинен 11 миңден ашуун адам набыт болуп, 30 миңден ашуун киши жаракат алды. Алардын 75%дайы жаш балдар”, – деди элчи.

Ошондой эле элчи Палестина элинин башына түшкөн кайгылуу күндөрү колдоосун көрсөткөн Кыргызстандын президентине, Жогорку Кеңешине жана жалпы элине ыраазычылыгын айтты.

“Биз көрсөткөн көмөгүңөрдү эч качан унутпайбыз. Тилекке каршы берилген гуманитардык жардамдарды Палестина элине жеткирүүгө да тоскоолдук жаратып, ооруканаларды да талкалап жатышат. Андыктан, дүйнө коомчулугун Израиль баскынчылыгын токтотууга чакырабыз”, – деди.

Алсак, Джавад Авад элчилик ишмердүүлүгүн Кыргызстан менен Өзбекстанда айкалыштыра аткарат. Ал эми резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий