• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Польша Сенатынын сенаторлору менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-майда Каныбек Иманалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Кубанычбек Нурматов, Нодирбек Каримов Польша делегациясы менен жолугушту. Делегация курамында Польша Сенатынын сенаторлору Валдамор Краска, Артур Важоха, Польша Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Селим Хазбиевич, Кыргызстандагы ардактуу консулу Александр Златкин бар. Бул тууралу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстанга, кыргыз парламентине келген кесиптештерин жылуу кабылдап, Польша Республикасынын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. Ошону менен катар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүп жаткандыгын ошол эле маалда товар жүгүртүүнүн көлөмү аз экенин айтып, маектештеринин көңүлүн бул багытта кызматташууну жандандырууга бурду. Ал Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) мүчөлүгүн, мындан сырткары ВСП+ макамына ээ экендигин, Европа өлкөлөрүнө товарлардын түрлөрүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бардыгын эске салды. Мындан сырткары, Кыргызстанда илим-билимге умтулган жаштар арбын экенин белгилеп, алардын Польшанын алдыңкы жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) окуусуна мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү керектигин билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстанда поляктардын диаспорасы менен жолугушкан Польша элчиси Селим Хазбиевич жана сенаторлор өздөрүнүн өкмөтү менен парламентинин атынан Кыргызстанда поляктардын диаспорасынын иш алып баруусуна, тили менен маданиятынын сакталышына өбөлгө түзгөн Кыргызстан бийлигине рахмат айтышты. Польша Сенатынын сенатору Валдемар Краска Кыргызстанда жылуу тосуп алган меймандос кыргыз элине жана кесиптештерине ыраазычылык билдирди. Ал Польшанын башкаруу тарыхына учкай токтолуп, бүгүнкү күндө Польша НАТОго, Евробирликке мүчө экенин, Польшада демократиянын бардык процедуралары ишке ашып жатканын тизмектеп, болгон тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даярдыгын айтты. Польшанын сенаторлору кесиптештерине Кыргызстан жаштары үчүн Польша ЖОЖдоруна каралган квотаны көбөйтүү маселесин парламент менен өкмөткө сунуштаарына убада беришти.

Мындан сырткары, тараптар парламенттик кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жаатында пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий