• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңеште премьер-министр Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында ант беришти.

Өз элинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында төмөндөгү өкмөт мүчөлөрү ант беришти:

Премьер-министр - Боронов Кубатбек

Биринчи вице-премьер-министр - Баатырбеков Алмазбек

Вице-премьер-министр - Мадумаров Акрам

Вице-премьер-министр - Исмаилова Аида

Тышкы иштер министри - Айдарбеков Чыңгыз

Ички иштер министри - Жунушалиев Кашкар

Финансы министри - Жээнбаева Бактыгуль

Экономика министри - Муканбетов Санжар

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри - Чодуев Эркинбек

Өзгөчө кырдаалдар министри - Аскаров Замирбек

Билим берүү жана илим министри - Исаков Каныбек

Саламаттык сактоо министри - Абдикаримов Сабиржан

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри - Кочкоров Улукбек

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Опумбаев Орозбек

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы - Тердикбаев Эрлис

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы - Осмонбетов Эмиль

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы - Исмаилов Алтынбек

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Өкмөт мүчөлөрү өз иш милдеттерине киришип жатып, Жогорку Кеңештин имаратында Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү ант берүү аземине катышкан жок.

Алардын катарында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бар, анын коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЧР-анализи оңдуу жыйынтыкты көрсөткөн.

Ага карабастан, Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен контакттык байланышта болгон жактар катары обочолонуп иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий