• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштү улантабыз

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Коррупцияга каршы күрөштү токтотпойбуз, улантабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

“Коррупция менен күрөшүү – менин президенттик ишимдин ири багыттарынын бири. 2018-жылдан бери коррупция менен байланышкан 900гө жакын кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. Аталган иштер боюнча мамлекеттик бюджетке кайтарылган каражаттын суммасы 11 млрд сомдон ашты. Атап айтканда, салык жана бажы органдарында, Транспорт министрилигинде, “Кыргыз темир жолунда”, Мамлекеттик каттоо кызматында, Экотехникалык коопсуздук боюнча инспекциясында, сот органдарында жана Финансы полициясында орун алган коррупциялык схемалар ачыкка чыгарылды. Жакында эле темир жолдогу ири коррупциялык схема ачыкталды. Бул кечээ жакында эле пайда болгон схема эмес, он жылдап иштеп келген көмүскө схема. Эмнеге ачыкталган эмес? Анткени, текшерүүчү укук коргоо органдары да бул коррупциялык схеманын катышуучулары болгон. Биз ичип, жеген аткаминерлер менен гана эмес, аларды жаап-жашырып, кошо табакташ болуп келаткан укук коргоо органдарынын да бетин ачышыбыз керек. Аларга карата да аёосуз күрөш жүргүзүлөт. Ошондой эле, Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодо, Тарых музейин реконструкциялоодо, ат майданын жана башка объекттерди курууда коррупциянын фактылары мурдараак аныкталганын билесиздер”, - деди ал.

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүдө коомчулукка көп жарыяланбай, бирок алгылыктуу иштер жасалып жаткан дагы бир багыт бар.

“Бул − мыйзамсыз таратылып кеткен жерлерди борборубуз Бишкекке, элге кайтаруу. Сиздер билгендей, ал жерлерде бишкектиктер жана шаарыбыздын меймандары эс ала тургандай, Бишкектин “жашыл шаар” деген даңкын кайтаруу максатында сейил бак, парктарды куруп жатабыз. 2019-жылы 10 гектар аянт жерге шаардыктардын сүймөнчүгүнө айланып калган “Ынтымак” паркы бүттү. Быйыл 10 гектардан ашык жерге Ч.Түлөбердиев атындагы парк курулду. Дагы 44 гектардан ашык жерге мэрия беш парк курууда. Мыйзамсыз таратылып кеткен жерлерди Бишкектин менчигине, элдин энчисине кайтаруу улантылат. Мында Бишкек мэриясы жакшы иш алып барууда. Мен, албетте, мамлекет башчысы катары бул аракеттерди толук колдойм. Мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин, бала бакчаларды, социалдык объектилерди кайтаруу иши бардык шаар, облустарда улантылат. Бишкек шаарына кайтарылган жерлерде, борбордун жогорку зонасында жаштарыбыз үчүн ири спорт сарайы курулат. Буйруса, бул жаштарыбызга белек болуп калат. Ошол жерлерди шаардыктардын эс алчу борборуна айлантабыз”, - деди ал.

Ал билдиргендей, коррупцияга каршы күрөштө көптөгөн тоскоолдуктар болууда.

“Бирок, ага карабай, бул күрөштү токтотпойбуз, улантабыз. Албетте, мага адам катары жеңил эмес. Бирок, президент катары бул жолумдан тайбайм. Бул күрөштө негизги курал катары санариптештирүүнү толук колдонобуз. Өлкөнү санариптештирүү − туура саясат болгонун турмуш өзү көрсөттү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий