• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде милиционерлерге зомбулукка кабылган аялдар жана балдар менен иштөө боюнча сабак өтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. КР ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Нуржан Адылова жана Жылдыз Осмонова 1-6 март аралыгында Баткен облусунда иш сапары менен болушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фонду, БУУ жана Европа биримдигинин “Теңдик нуру” фонддору тарабынан биргеликте даярдалган “Зомбулукка кабылган аялдар жана балдар үчүн укук тартибин жана сот адилеттигин сактоо чөйрөсүндөгү стандарттык операциондук процедуралар” деп аталган окуу куралы таратылды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине сабак өткөрүлдү. Сабакта жабыр тарткан аялдар, кыздар менен алгачкы байланышуу боюнча сунуштамалар, нөөмөттөгү кызматкердин аялдарга карата зомбулук тууралуу билдирүүлөрдү алган учурдагы аракеттеринин алгоритмин камтыйт.

Ошондой эле кызматкерлерге 2021-жылдын 1-декабрынан ишке кирген Укук бузуу кодекси талкууланып, беренелер боюнча маалыматтар берилди.

Андан соң, Баткен райондук ички иштер бөлүмү тейлеген аймактары Баткен районунун Самаркандек, М.Салихов атындагы орто мектеби, Аксай айыл аймактарына караштуу Б.Ходжаев орто мектебинде, Көк-Таш айылынын Көк-Таш мектептеринде ата-энелер, окуучулар менен жолугушуулар жана спорттук иш чаралар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий