• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусу менен Монголиянын Дундгов аймагы кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Аймак 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Баткен облусу менен Монголиянын Дундгов аймагы кызматташат. Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуяг, Монголиянын Дундгов аймагынын өкүлдөр жыйынынын төрагасы Сандаг Одэрдэне, Дундгов аймагынын өкүлдөр жыйынынын мүчөсү Пэрэнлэй Бямбалхагва Баткен облусуна жумушчу сапары менен келди.

Монголиядан келген делегациясы менен бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолукту.

Облус башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен Монгол Республикасынын жетекчилигинин эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Баткен менен Дундгов аймагынын жаратылыш шарттарынын окшоштугун эске алып, ар тараптуу кызматташууга мүмкүнчүлүктөр кенен экенин белгиледи.

Жолугушууда Монголиянын мал чарбасынын өнүгүүсү тууралуу сөз болуп, тыбыт багытындагы эчки багуу боюнча тажрыйба алмашуу макулдашылды. Бул багытта Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгындагы "Тегирмен-Башы" асыл тукум эчки чарбасы потенциал катары белгиленип, үстүбүздөгү жылдын күз айларына Монголиядан тыбыт багытындагы эчкилерди алып келүү жагы сүйлөшүлдү.

Ал эми Баткенден Монголиянын Дундгов аймагына өрүк жана бадам көчөттөрүн жеткирүү макулдашылды.

Жолугушуу соңунда облус башчысы монгол делегациясын ушул жылдын октябрында Баткен шаарында өтүүчү 2-инвестициялык форумга чакырды.

Жыйынтыгында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Монголиянын Дундгов облусунун администрациясынын ортосунда кызматташууну орнотуу ниети жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Баткенге болгон сапарынын алкагында монгол делегациясы Баткен шаарындагы эчки кооперативинде, өрүк бактарында болуп, жергиликтүү багбандар менен жолугушту.

Ошондой эле Кадамжай районундагы көчөт кооперативдеринде болушту.

Пикир

Оставить комментарий