• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 63 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 1-апрелден 7-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 226;
  • мас абалында унаа башкаруу – 63;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 946;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 653;
  • автоээнбаштык – 5;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 512;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 429;

Ошондой эле 867 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий