• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозовдун төралагы астында министрлер кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Координациялык кеңештин күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

♦ Кыргызстандын Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгүнүн биринчи жылынын жыйынтыгы;

♦ Делегациянын курамын түзүү, ошондой эле 2012-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын ишке ашырылышы жөнүндө КР бешинчи улуттук баяндамасын даярдоо;

♦ Кыйноолорду жана башка ырайымсыз адамкерчиликсиз же адамдын кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө натыйжалуу иликтөө жана документтештирүү боюнча БУУнун колдонмосунун негизинде иштелип чыккан «Зомбулукту, кыйноолорду башка ырайымсыз, адамкерчиликсиз же адамдын кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмону бекитүү жөнүндө» КР Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун КР Президентинин Администрациясына киргизүү маселеси;

Ошондой эле Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин ишине тиешелүү башка маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий