• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы бир аз көтөрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. КР Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасын жарыялады.

Ага ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри - 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 - 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — 63,25 сомдон сатылган.

Учурда АИ-80дин орточо баасы - 58,35 сомдон болсо, мартта 58,34 сомдон болчу. Ал эми дизель майынын литри учурда 72,52 сом болсо, март айында 71,52 сом дон сатылган.

Пикир

Оставить комментарий