• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунда 2024-жылы үлүштүк гранттардын эсебинен 86 долбоор ишке ашырылат

Экономика 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Ош облусу боюнча 2024-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 257,3 млн сом суммасында 86 долбоор бекитилди.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде:

• Кара-Кулжа районунун 12 объектисине 35,3 млн сом;
• Араван району — 7 объектиге 21,8 млн сом;
• Кара-Суу району — 18 объектиге 61,8 млн сом;
• Ноокат району — 18 объектиге 54,6 млн сом;
• Алай району — 4 объектиге 12,0 млн сом;
• Өзгөн району — 20 объектиге 52,3 млн сом;
• Чоң-Алай району — 7 объектиге 19,5 млн сом;
Жалпы:
• 34 мектепке — 95,1 млн сом;
• 31 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине — 100,3 млн сом;
• 5 спорттук курулуштарга— 16,1 млн сом;
• 4 маданий маанидеги объектилерге — 13,4млн сом;
• 12 бала бакчага — 34,2 млн сом.


Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар — жергиликтүү бюджеттердин жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн тартылган башка каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаты.

Пикир

Оставить комментарий