• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун темпи жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун темпи бир кыйла жогорулаган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата абалы боюнча 243 миң гектардан дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка кошулган жок) жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 5,4 пайызга көп жана 641 миң тоннадан ашык же 2,3 эсе көп дан бастырылды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы 2,6 эсе, буудай 2 эсе, мөмө-жемиштер 20 пайызга жакын жана картошка 8 пайызга өскөн.

Пикир

Оставить комментарий