• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

РФ ТИМ Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна кабыл алуу уланууда – КР ТИМ

Билим 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КР жарандарын Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна 2017-2018-окуу жылына бакалавриат программасына кабыл алуу 10-апрелден 25-майга чейин улантылгандыгын билдирет.

Сынакка катышуу негизи катары Кыргызстандын 2017-жылдагы жалпы республикалык тестинин жыйынтыгы таанылат.

Сынакка негизги тесттин жана кошумча сабактардын тестинин жыйынтыгы бар абитуриенттер прикладдык экономика жана коммерция, эл аралык мамилелер факультетине – математика жана англис тили, калган факультеттерге – тарых жана англис тили тестинин жыйынтыгы болушу зарыл. Сынактан Кыргызстандын Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы эң жогорку балл болгон абитуриенттер өтөт.

Тандоо сынагынын эрежелери менен КР Тышкы иштер министрлигинин www.mfa.gov.kg сайтынан жана КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын www.dipacademy.kg сайтынан таанышууга болот.

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

К.Дыйканбаев атындагы КР ТИМ Дипломатиялык академиясы Бишкек ш., Эркиндик бульвары 36, 100-ауд. Иш убактысы: дүйшөмбү-жума 9:00 – 18:00.
Тел: 0(312) 620283, 660185

Пикир

Оставить комментарий