• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте окуу китептерин басып чыгаруу маселелери боюнча кеңешме өттү

Билим 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бишкекте учурдагы мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келген мектеп окуу китептерин басып чыгаруу маселелери боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Отурумга билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Муратбек Касымалиев, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Кеңешменин катышуучулары мектептерди окуу китептери менен камсыздоо көйгөйлөрүн талкуулашты.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча чогулуштун чечими аркылуу төмөнкүлөр каралган:

  • окуу китептерин чыгаруунун артыкчылыктуу тизмесин түзүү;
  • 2024-жылы «Учкун» ААКтын басып чыгаруу үчүн окуу материалдарынын тизмесин макулдашуу.
  • окуу китептерин даярдоонун ар бир баскычы үчүн жооптуу адамдарды көрсөтүү;
  • мектеп китепканачысынын иши жөнүндө жобону иштеп чыгуу.

Пикир

Оставить комментарий