• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте уруксатсыз орнотулган объекттерди алуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бишкекте уруксатсыз орнотулган объекттерди алуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Ак-Өргө жаңы конушундагы Алыкулов көчөсү 25д, дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 100 чарчы метр унаа жуучу жай түрүндөгү уруксатсыз салынган жеңил типтеги объект буздурулууда. Ошондой эле аталган көчөнүн 26д, дарегиндеги кеңейтилген 150 чарчы метр темир тосмолор да алынды.

Мындан тышкары, мурда берилген эскертүүнүн негизинде Гагарин жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги конструкция буздурулду. Натыйжада 30 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

жеринде башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Бишкек мэриясы жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранат, эгерде эреже бузуу иштери катталса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий