• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Караколдо топурактын сапатын аныктаган лаборатория ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 19-январда Органикалык айыл чарба департаментинин Ысык-Көл аймактык филиалынын оңдоп түзөөдөн өткөн имаратынын, андагы топурак анализин чыгарган жаңы лабораториянын жана уюштурулган агрохаб окуу борборунун ачылыш аземи өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрлин биринчи орун басары Мурат Раматов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэ, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн программалык менеджери Стефано Коррадо, Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы директору Ли Жонгсу, Enactus Кыргызстан коомдук бирикмесинин директорлор кеңешинин төрагасы Арсланбек Кененбаев жана органикалык продукция өндүрүүчүлөрү катышты.

Долбоордун негизги максат дыйкан-фермерлерге окуу-семинарларды байма-бай уюштуруу менен өндүрүлгөн биокаражаттарды колдоо жана органикалык чарба жүргүзүү боюнча маалыматтарды берүү болуп саналат.

Пайдаланууга берилген лабораторияда мындан ары топурактын 5 көрсөткүчүн аныктоо боюнча анализдин жыйынтыгы чыгат, алар:

- нитрат;
- топурактын pH;
- кыймылдуу фосфор бирикме курамы;
- кыймылдуу калий бирикме курамы;
- гумус курамын.

Ысык-Көл аймактык филиалынын оңдоп түзөөдөн өткөн имаратына, топурак анализин чыгарган жаңы лабораториясына KOICA жана жаңы уюштурулган агрохаб окуу борборуна “Enactus Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий