• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын II баскычы 18-19-январда өтөт

Билим 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II баскычы (райондук/шаардык) 2024-жылдын 18-19-январында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Буга байланыштуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров, ушул башкармалыктын жетектөөчү адиси Алымкан Мырзалиева жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен республикалык олимпиаданын II баскычын өткөрүү боюнча онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйында Алтынбек Жапаров райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына 2019-жылдын 11-ноябрындагы №1310/1 “Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө” Жобого ылайык бардык талаптарды аткаруу жана сактоо менен олимпиаданы өткөрүү тапшырмасын берди.

ББОУБдун директору Чынара Батракеева алдын-ала Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген электрондук почталарга райондук/шаардык олимпиаданын биринчи турун өткөрүү үчүн 18-январь күнү эртең мененки саат жетиде кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган бардык дептерлердин электрондук версиялары (PDF) жибериле тургандыгын билдирди.

Ошондой эле 19-январда эртең мененки саат жетиде ББОУБ тарабынан олимпиаданын экинчи туру үчүн дептерлердин электрондук версиялары (PDF) жөнөтүлөт.

2023-2024-жж. республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы үчүн талаптар – https://testing.kg/news/2023-2024-zhzh-respublikalyik-olimpiadanyin-ii-rajonduk-etabyi-chn-talaptar616

Пикир

Оставить комментарий