• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 25 миңден ашык педагог окутуудан өттү

Билим 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 25 миңден ашык педагогду окутуудан өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуу Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Дагы 33 миң мугалим тренингден өтөт.

Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар 2023-жылдын июнь жана август айларында Кыргызстандын бардык облустарында жүрдү:

• "Санариптик сабаттуулук" программасы боюнча –15 миң 500дөн ашуун мугалим;
• "Инновациялык педагогикалык технологиялар" программасы боюнча – 3 миң мугалим;
• "Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери" программасы боюнча – 3 миңден ашуун мугалим;
• "Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары" программасы боюнча – 3 миңден ашуун мугалим.

Окутуулар гибриддик форматта - онлайн жана реалдуу режимде жүргүзүлдү. Калган педагогдор 2023-жылдын октябрь, ноябрь жана 2024-жылдын март, май, июнь айларында тренингдерге катышат.

Пикир

Оставить комментарий