• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына дээрлик 600 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын 31-августуна карата Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына бюджеттен 599,1 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, аталган кызматка 2023-жылга такталган бюджет 749 млн сом суммасында каралган. Анын ичинен бюджеттик каражаттар 743,6 млн сомду түзөт.

Анын ичинде:

  • эпизоотияга каршы иш-чараларга – 86,9 млн сом;
  • ветеринардык диагностикага – 205,6 млн сом;
  • жаныбарларды идентификациялоого – 30 млн сом.

Ошондой эле жыл ичинде эмгек акы жана соцфонд беренелери боюнча кошумча 137 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий