• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте өткөн сурдо спорту боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын 3-11-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн угуусу начар жана дүлөйлөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн президентинин атынан спортчуларды дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген 250 спортчунун арасынан биздин балбандар командалык эсепте ардактуу үчүнчү орунду ээлеген мелдештеги жеңиши менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкө жетекчилиги дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл буруп жатканын белгиледи.

«Спорт – ден соолук. Мамлекет башчысы спорт жаатындагы чоң-чоң иш-чараларды Кыргызстанда өткөрүүгө жана спортчуларга колдоолорду көрсөтүүгө абдан кызыкдар. Жакында эле Кыргызстанга дүйнөлүк футболчулар келди, кошуна өлкөлөрдүн баары суктанды. Бул башталышы. Дагы чоң-чоң өзгөрүүлөр болот», - деди Акылбек Жапаров.

Министерлер кабинетинин башчысы ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында спортту өнүктүрүүнүн өзгөчө ролун белгиледи.

«Эгемендүүлүк тарыхыбызда алгач ирет Кыргызстанда биринчи жолу дүлөйлөр арасында таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия-Тынч Океан Чемпионаты өттү. Ошол Чемпионатындагы Кыргызстандын жакшы көрсөткүчтөрүнүн негизинде кийинки Дүйнөлүк чемпионатты бизде өткөрүү боюнча чечимдин кабыл алынышы – биз үчүн сыймык болду»,- деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Соңунда министрлер кабинетинин төрагасы спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды. 1-орун алгандарга 100 миң, 2-орунга 80 миң сом, 3-орунга 70 миң сомдон берилди.

«Сиздерге спортто жана жашоодо мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз. Бул медалдар жаңы бийиктиктерге дем берсин», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий