• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Учкун" басмаканасынан окуучулар үчүн 136 миң 320 нуска китеп басылып чыкты

Билим 0

Бишкек, 09.09.23. /Кабар/. "Учкун" ачык акционердик коомунун басмаканасында 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тагыраагы, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-классар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Бүгүн окуу китептерин мектептерге жеткирүү башталат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 млн 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий