• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Ленин округунан ЖК депутатын шайлоо алдындагы "жымжырттык" күнү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-сенбярь Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо алдындагы "жымжырттык" күнү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда башкача айтканда, бүгүн, 9-сентябрда саат 8:00дөн тартып токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

БШК мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталарын маалымдайт.

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар “жымжырт күнү” үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.

Талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, шайлоо процессинин ар кайсыл катышуучусу мыйзам талаптарын бузууга жол берген учурда бузуучуларга карата тиешелүү чаралар колдонулат.

Белгилей кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖК депутатын кайра шайлоо эртең, 10-сентябрында өтөт. Шайлоого 24 талапкер катышууда, анын 19у эркек, 5и аял.

Пикир

Оставить комментарий