• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Папилломага каршы эмдөө. Максаттуу топтун 57%ы эмдөөдөн өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда 30-ноябрга карата адамдын папиллома вирусуна каршы 137 миң 345 кыз же максаттуу топтун 57%ы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын ноябрынан тартын КРнын алдын ала эмдөө календарына ылайык, 11 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталган. Эмдөө мектептердеги медициналык борбордо бекер жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да вакцина берилет. Вакцина 6 ай аралык менен эки жолу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий