• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноорузга байланыштуу Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрү эки күнгө жабылат

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Ноорузду майрамдоого байланыштуу Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрү эки күнгө жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-мартта саат 12:30дан, 21-март күнү саат 15:00гө чейин Т.Байзаков проспектисинин Эркиндик жана Барпы-Сейил көчөлөрү менен кесилишкен аралыгы, Эркиндик көчөсүнүн Ж.Бакиев жана Т.Байзаков проспектиси менен кесилишкен аралыгы жабык болот.

Мэрия шаардыктардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, башка көчөлөр аркылуу каттам жүргүзүп турууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий