• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад: Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдөө иштери уланууда

Аймак 0


Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-мартта Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-март күнү саат 21:00 чамасында Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, шаарда 569 турак үй жана 11 мекеме ишканага кооптуулук жаралган.

Шаар аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында “өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилген.

Жаралган кырдаалдан улам КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов аталган жайга барып, аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Кырсыктын алдын алуу үчүн тиешелүү техникалар тартылып, анын жардамы менен 20 каттам кесилген таш, 8 каттам темир бетон ташылып, бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бүгүн дагы КР ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы баштаган өздүк курам, Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмү жана жарандык коргоону кызматы жеринде иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий