• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кайыңбаев: Эки жылдан бери мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдор абдан аз оңдолду

Коом 0


Бишкек, 22.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын жыйынтыгы менен 266,3 чакырым жол капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, анын ичинен 178,3 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштери транспорттук коридорлордо жүрдү.

“2020-2021-жылдары пандемиядан улам жол тармагынын бюджети 70 пайызга кыскарган. Ага байланыштуу көбүнчө иштер негизги жолдордо болду. Бөлүнгөн каражаттын 30 пайызынан көбү кредитордук карыздан кутулууга жумшалды. Былтыркы жылдын башында 1,3 млрд сомдун тегерегинде кредитордук карыз болсо, азыр 853 млн сомго түштү”, - дейт ал.

Кайыңбаев мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо абдан аз болгонун айтат.

“Бирок 2022-жылы жетиштүү каражат бөлүнүп жатат. Утурумдук бюджет боюнча 2 млрд 63 млн сом бөлүнсө, азыр кошумча 945 млн сом бөлүнүүсү каралууда. Быйыл жергиликтүү, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги жолдордо оңдоо иштер жүрөт”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий