• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Ысык-Көл облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылган

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Ысык-Көл облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылган. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, отурум министрлер кабинетинин төррагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Облус башчысы 2023-жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу отчет берип жатып, өнөр жай ишканаларынын ишке берилишинин артында 494 адам жумуш менен камсыз болгондугун айтты.

"Бул ишканаларды ишке берүү үчүн 605 млн сомдук инвестиция өздөштүрүлгөн", - деп кошумчалады облус башчысы.

Пикир

Оставить комментарий