• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Канатбек Тургунбеков министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Тургунбеков Канатбек Тургунбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматына 2023-жылдын февралында дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий