• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда унааны жасалма техникалык кароодон өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда унааларды жасалма техникалык кароодон өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду, - деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүндө (документтерди жасалмалоо) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, автотранспорт каражаттарынын ээлеринен жасалма техникалык кароодон өткөрүү үчүн каражаттарды системалуу түрдө алууда чагылдырылган туруктуу коррупциялык схеманын иши токтотулду.

Такталгандай, оор жүк ташуучу унаалардын ээлери жана жеке жүк ташуучулар акчалай сыйлык үчүн «АвтоТехЭксперт» ЖЧКсынан жасалма түрдө диагностикалык картаны жана жылдык техникалык кароодон өткөнү үчүн талон алышкандыгы аныкталды.

2024-жылдын 18-январында ушул материалдын алкагында КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык "АвтоТехЭксперт" ЖЧК оператору Б.Р.Р. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын апрель айында УКМК Сузак районундагы жеке менчик ишканалар тарабынан ушундай эле мыйзам бузуу фактысы аныкталганын, ошондой эле акчалай сыйлыкка жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспортторду ойдон чыгарылган техникалык кароодон өткөргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган ишкананын кызматкери Ч.М.М. кармалып, соттун чечими менен 110 миң сом айып салынган.

Буга байланыштуу топтолгон материалдар лицензияны жокко чыгаруу үчүн Улуттук аккредитация борборуна өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий