• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара кызматы: Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух жолу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух жолу ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон сакталууда.

"Баткен облусундагы чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары мамлекетти чек араны биргеликте кайтарууда", - деп айтылат маалыматта.

Учурда эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий