• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык мэриянын коммуналдык мекемелеринин кызматкерлерине ооз ачарга атайын сый-дасторкон жайылып, жетекчилер тарабынан майрамдык маанай тартууланды.

Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэринин орун басары Жаныш Раимжанов, мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова баштаган жетекчилер, "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын, "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгынын, "Жол" башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Анда жетекчилер тарабынан шаардын коммуналдык чарбасын тейлеген мекемелердин жумушу түйшүктүү экендиги баса белгиленип, быйыл бул тармакта иштегендердин айлык маяналары 30%га көтөрүлгөнү маалымдалды.

Ошондой эле үзүрлүү эмгектенген бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталар жана Алкыш баракчалар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий