• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Ошто өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-февралынан 28-февралына чейинки аралыкта Ош шаарынын 6 муниципалдык аймактык башкармалыктарында жашаган калкка өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгон учурда жүрүм-турум эрежелери жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жалпы түшүнүктөр, камсыздандыруу жана эвакуация темалары боюнча кенен маалыматтар берилди.

Иш-чара 2022-жылга Кыргызстандын потенциалдуу коркунучу бар аймактарда жашаган калкка жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өздүк курамына өткөрүлүүчү көчмө сабактарынын мерчеминин негизинде өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий