• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткал, Ала-Бука, Аксыны Бишкек менен байланыштырган аэропорт майда ишке берилет

Аймак 0

Бишкек. 26.01.19 /Кабар/. Аксы районундагы реконструкцияланып жаткан "Кербен" аэропорту быйыл май айынан тартып ишке берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков аталган аба майданын курулуш иштерин көрүп жаткан учурда маалым болду.

Маалыматка ылайык, реконструкциялоо иштери 31-мартта аяктап, заманбап шарттар менен камсыздалып, май айынанан тарта Кербен – Бишкек каттамы ишке аша баштайт, деп күтүлүүдө.

Төрага Дастанбек Жумабеков аймактардагы калктын жашоо-шартын жакшыртууда аба майдандарынын мааниси жогору экенин белгиледи.

"Кербен" аэропорту кайрадан ишке берилиши Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун калкынын башка аймактар менен болгон байланышын жакшыртып, аба жол каттамынын өнүгүшүнө да өбөлгө болот", - деди Жумабеков.

Анын пикиринде, негизги маселе аба каттамдарын жүргүзүүчү компанияларды ишке тартууда жатат. Анткени, "Кербен" аба майданынын толук кандуу иштеп кетиши үчүн авиакомпанияларга жеӊилдиктерди берүү менен катар учак билеттеринин наркын жергиликтүү калктын жашоо деӊгээлине жараша бекитүү маселесине көӊүл буруу зарыл, - деп кошумчалады Жумабеков.

Төрага аэропорттун иштеп кетишине жергиликтүү бийлик да кызыкдар болушу керектигине токтолуп, бардык багытта колдоого алуу зарылчылыгын кошумчалады.

Эске салсак, "Кербен" аэропорту дээрлик жыйырма жылга чукул убакыт кызмат көрсөткөн. 1999-жылдан баштап аба майданынын иши солгундап колдонулбай калгандыктан, имараттары менен учактар конуучу тилкелери жараксыз абалга келген.

Аэропортту кайра калыбына келтирүү жана кеӊейтүү чечими кабыл алынып, 2018-жылдын 27-ноябрында оӊдоп-түзөө иштери башталып, быйыл 31-мартта аяктайт.

"Кербен" аба майданын кайра калыбына келтирүү иштери "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий