• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде "Жашыл чек ара" долбоорунун алкагында 100 гектар жерге көчөт отургузулууда

Аймак 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында "Жашыл чек ара" кооперативдик интенсад долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун алкагында айыл чарба багытындагы 100 гектар жерге интенсивдүү (тез өсүүчү) алма, алмурут, нектарин жана алча бактары отургузулат. Ал жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга жана калктын ар кандай катмарын колдоого кызмат кылат.

Кооператив көчөттөрдү отургузуу үчүн атайын техника менен жабдылып, тамчылатып сугаруу системасы менен өнүктүрүлөт. Ошондой эле чогултулган продукцияны сактоо үчүн сыйымдуулугу 5000 тоннага чейинки негизги сактоочу жайды, анын ичинде жуугуч, сорттоочу, калибрлөөчү жана таңгактоочу жабдуулар үчүн жайларды куруу күтүлүүдө.

Өстүрүлгөн продукция экспортко багытталып, ошондой эле республиканын базарларында жана супермаркеттеринде атайын текчелер аркылуу сатылат.

Пикир

Оставить комментарий