• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанга Кыргызстандан 62,2 кг баңгизат алып өтүүгө аракет кылышкан

Коом 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Казакстанга Кыргызстандан 62 кг баңгизат алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматынын сайтында маалымдалат.

Ведомствонун маалыматына караганда, Жамбыл облусундагы "Аухатты" көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргызстандан Казакстанга 62,2 кг катуу таасир этүүчү баңгизаттарды - 24 кг апийим, 38,2 кг гашиш алып өтүүгө аракет кылган чет элдик кармалган.

Белгиленгендей, учурда тиешелүү органдар тарабынан сотко чейин иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий