• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ыктыярчылардын аракети: Өткөн жума ичинде аткарган жумуштары

Аналитика 0

Ыктыярчылар жигердүү иш алып барууда. Алар муктаждарга акча каражаттарын чогултууда жана дарыгер, милиция кызматкерлерине, жарандарга ар кандай жардам көрсөтүүдө. Мындай оор кырдаалда бири-бирибизге жардам берүү эң туура чечим. Ыктыярчылар кандай кыйынчылыктар менен туш болушканын жана алардын аткарган иштери туурасында ыктыярчы, активист жана коомдук бирикменин лидери Нуриля Чолпонбаева айтып берди.

- Өткөн жума кандай өттү?

- Бул жума жеңил болду. Мурунку жумага салыштырмалуу бош орундуктарды жана дары-дармектерди издөө иштери кыйынчылык жараткан жок. Ушул жуманын ичинде бардыгы кадимки тартипке кайтып келди. Бул жарандардын стационарларга кайрылуу санынан да байкалды. Баары бир аз жакшырды, мурунку жумаларга салыштырмалуу куткаруучулардын жумуштары да азайды.

- Апта ичинде ыктыярчылар менен президенттин жолугушуусу орун алды. Жолугушуу көп талкуу жаратты. Эмне үчүн эл ичинде терс ойлор айтылды?

- Албетте, президент менен жолугушуу ар тараптан талкууга түштү. Бирок белгилей кетким келет, башыбызга кайгы түшүп жаткан учурда бирөөнү күнөөлөп, бөлүнүүнүн кажети жок. Биз чогуу иштебесек да көмөктөшүп иштөөгө үйрөнүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө ыктыярчылар, кайрымдуулук уюмдар жана катардагы жарандар тарабынан чоң жумуштар аткарылууда. Жолугушууда биздин айткан сөздөрүбүзгө президенттин таң калган учурлары да болду. Иштин жүрүп жаткандыгын угуп сүйүнүп калдык. Иштер өкмөт, президенттик аппарат тарабынан дагы жүргүзүлдү. Айрыкча санариптештирүү жаатында иштер аткырылды, бирок ал коомчулукка түшүнүктүү тилде жеткирилген жок.

Президент менен ыктыярчылардын жолугушуусуна нааразы болгондор жөнүндө айта турган болсок, бийлик көп убакытты жоготкону менен байланыштуу деп айта алабыз. Ага карабастан абал оңолуп жатат. Баарына терс көз караш менен кароонун кажети жок. Тиешелүү кызматтардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Экинчи толкундун келишине даяр болобуз деп ишенебиз.

- Ыктыярчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам дагы айтылды эле. Ал эмне үчүн керек?

- Ыктыярчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамды көп жылдар бою айтылып келгенине карабастан ал көз жаздымында калууда. Аталган мыйзам Кызыл жарым ай коому тарабынан жакшы жайылтылууда. Алар мыйзамдын концепциясын жана механизмин даярдоодо. Ыктыярчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам ЖКда биринчи окуудан өткөн, бирок андан кийин ал эмнегедир жоголуп кетти. Бизге бул мыйзам керек - ал биздин биргелешкен иш-аракеттерибизди координациялоого, маданий, спорттук, өзгөчө кырдаал учурунда жана медиктерге жардам көрсөткөн ыктыярчылардын функциясын көзөмөлдөйт. Бул функциялардын баары такталганда, биз кайсы тармак үчүн ким жооптуу экендигин так билебиз. Ал башаламандыкты жана кайталоону алдын алат.

- Стационарларда абал кандай? Маалыматтарга ылайык, стационарлардын саны өсүүдө, анын себеби эмнеде?

- Азыр стационарлар бардык жерлерде, алыскы конуштарда адамдар тарабынан ачылып жатат. Алар өздөрү уюштуруп, акча чогултуп, дарыгерлерди жана жайларды түзүүдө. Айыл өкмөтүнөн уруксат алып, 5 - 15 орундуу ооруканаларды ачууда. Өздөрү ооруканаларды керектүү жабдыктар менен камсыз кылып жатат. Эми орундуктар тууралуу маалыматты map.covid.kg сайтынан көрүүгө болот.

- Гуманитардык жардам кандай бөлүштүрүлүүдө?

- Өлкөгө гуманитардык жардам ар кандай көлөмдө келет. Белгилей кетсек, Россиядан жакында гумжардам келди. Анда жасалма дем алдыруучу аппарат, концентраторлор жана рентген аппараттары бар. Жүктү бөлүштүрүүдө президент менен жолугушкан ыктыярчылар да катышканы кубандырат. Бул биздин жалпы чечимибиз болду, бизге мындай мүмкүнчүлүк түзүлдү. 27-июлда өлкөнүн өкмөтү менен ыктыярчылардын кеңейтилген жыйыны өтөт. Анда вице-премьер-министр өзүнүн аткарган иштери боюнча отчет берет.

Демөөрчүлөргө акчадан тышкары биз аркылуу белектерди да берүүдө. Жеке компания дарыгерлерди кубантуу үчүн 1000 идиш тартуулады. Бул аябай сонун иш болду, дарыгерлер аябай кубанышты. Өткөн жума күнү демөөрчүлөрдүн жардамы менен БИПАП аппаратын алдык. Бул аппарат адамга узак убакыт дем алууга мүмкүнчүлүк берет. Бизге жардам бергендердин баарына ыраазычылык билдиргим келет.

- Бийликке кандай кайрылуу жасайт элеңиз?

- Бийликтен ыктыярчылардын, жергиликтүү бийликтин жана дарыгерлердин өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуусун суранат элем. Дарыгерлер бизге кайрылуудан коркууда. Анткени жергиликтүү бийлик жардам сурап ыктыярчыларга жазган дарыгерлерди коркутууда.

Натыйжалуу жана жемиштүү иштөөбүз үчүн механизм иштеп чыгууга чакырат элем.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий