• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кабар" МАБ: Өлкө аймактарындагы иш улантылат

Аналитика 0

Кыргызстандагы саясий абалдын өзгөрүшүнөн улам "мындан кийин эмне болот" деген суроо жаралат. Буга чейинки президенттин аймактардагы иштери улантылабы? Суроого жооп катары президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапар менен барды.

"Кабар" агенттигинин туруктуу эксперти, саясий баяндамачы Евгений Донченконун айтымында, аймактарды өнүктүрүү – өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги багыты.

"Аймактарды колдоо мурунку президент тарабынан бекеринен демилгеленген эмес. Анткени Кыргызстандын аймактары ар кандай абалда болуп келген. Аны бир калыпка алып келип, бирдиктүү механизмге айлантуу кажет. Аймактарды өнүктүрүү менен элдин жашоосун жакшыртса болот жана ар бир тургун өзүн таштап кеткендей сезбеши керек. Аймактарда жумушчу орундарды түзүү, ички жана тышкы миграциянын санын кыскартуу башкы маселелердин бири. Ошондой эле жарандар татыктуу эмгек акы, билим жана сапаттуу медициналык жардам алуусуна шарт түзүлүшү керек. Иш чындыгында кыйын болгону менен аракет көрүлсө ал аткарылат. Жарандар чет өлкөгө жыргагандан кетип жаткан жери жок. Эгер саясий лидерлер катардагы жарандардын акыбалын түшүнсө, анда татыктуу иш кылат эле. Садыр Жапаровдо өзүнүн атын тарыхта калтыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар. Андай болушуна мен ишенем", - дейт эксперт.

Теманы утурлай президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары болуп өттү.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышты, ошондой эле анын курулушунун долбоору менен таанышты.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, социалдык шаарча куруу пландалып жаткан аймак 3 гектарды түзөт. Жер тилкеси Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн буйругуна ылайык бөлүнүп берилген.

Социалдык шаарча долбоорунун алкагында өнүккөн инфраструктурасы жана эң алдыңкы шаймандары бар чакан шаарчаны түзүү пландаштырылууда. Муну менен катар долбоордо бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит каралган. Ошондой эле ар бири 4 кишилик төрөт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат.

"Мындай долбоор Кыргызстанда принципиалдуу жаңы инфраструктураны түзүүнүн биринчи белгиси болуп калышы мүмкүн. Демилге жакшы, долбоорду аягына чыгарууга тоскоолдук жарата турган шарттар жок. Ишти тезирээк аягына чыгаруу керек. Эл иштин жыйынтыгын көрүүгө суусап турат", - дейт Донченко.

Бул долбоорду толугу менен каржылоо Катар Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен "Катар Чарити" кайрымдуулук уюмунун эсебинен пландаштырылып жаткандыгы белгиленди. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоонун алкагында курулушту 2022-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

Өкмөт башчы Катар Республикасынын элчилигине көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди жана аймактарды өнүктүрүү өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары саналаарын белгиледи.

"Бул менин аймактарга болгон алгачкы иш сапарым. Ал мен үчүн абдан маанилүү. Айыл жери үчүн мындай обьектинин курулушу – бул чоң жаратман процесс, бул жеке мен үчүн да мааниси зор саналат,"- деди Жапаров.

Андан соң, иш-чара катышуучуларын "социалдык кыштактын" макети менен тааныштырышты.

Ошондой эле объектинин курулушу бир нече узак мөөнөттүү маселелерди чечет, тактап айтканда, айылга тийиштүү инфраструктура жакшыртылат, жергиликтүү тургундардын катарынан кадрларды тартуу маселеси жайгарылат, ошондой эле жаңы муундун заманбап жабдуулар аркылуу билим алуусуна шарт түзүлөт. Социалдык кыштактын курулушу алкагында айыл тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси чечилмекчи.

"Кыргызстанда дагы деле таза суу маселеси толук чечиле элек. Ошондой эле айыл чарба тармагындагы инфраструктуралык объектилердеги чечилбеген маселелер бар. Тактап кетсек, ирригация системасы. Суугат маселесин дагы көпкө созбош керек. Жалпылап айтканда Садыр Жапаровдун кыла турган иштери көп жана аны азыр кылышы керек", - дейт эксперт.

Өкмөт башчы бардык күч-аракетин инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жумшай тургандыгын белгиледи.

"Долбоор негиздөөчүлөрү уруксат документтерин алуусу үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен, аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз буга кескин каршы турабыз. Мындайга жол берилбеши керек. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Андан соң Өкмөт башчы элчи менен биргеликте социалдык кыштактын курулушуна капсула салуу боюнча салтанаттуу иш-чарага катышты.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров Катар Мамлекетинин элчилигине эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, калктын колдоосу астында өлкөбүз жакынкы мезгилде өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктаарын белгиледи.

Аймактарды өнүктүрүү токтоп калбай мындан ары да уланаарын Садыр Жапаров Нарынга болгон иш сапарында айгинеледи. Бүгүнкү күнгө чейин аз гана иштер аткарылды. Бирок Жапаровдун бийликке келгенине аз гана убакыт болгонун эске алуу керек.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий