• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика – экономиканын негизи. Келечек жаңы ГЭСтерде

Аналитика 0

КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү 142,5 млрд кВт/саатты түзөт. Кыргызстан КМШда Россия жана Тажикстандан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. Мындай көрсөткүчтө мүмкүнчүлүктү өздөштүрүү болгону 10%ды түзөт. Адистер Нарын дарыясына 34 гидроэлектр станциясынан турган 8 каскад курууга боло турганын белгилешет. Келечектүү каскаддардын жалпы орнотулган кубаттуулугу 6450 МВт түзөт. Жылдык орточо узак мөөнөттүү өндүрүш 25 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын түзөт.

Өлкө президенти Садыр Жапаров ири жана чакан ГЭСтердин динамикалуу курулушун өнүгүүнүн башкы артыкчылыгы катары белгиледи. Азыркы учурда мамлекет башчысынын жеке демилгеси менен Бала-Саруу ГЭСи курулуп, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору, ошондой эле Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтери модернизацияланып, Папан жана Төрт-Күл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу долбоорлору, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кара-Көл ГЭСтерин куруу долбоорлору иштелип чыгууда.

Быйыл жайда Талас районундагы жаңы Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна капсула салуу учурунда мамлекет башчысы энергетика тармагын өнүктүрүү менен Кыргызстан экономикалык жана социалдык жактан чыңдаларын белгиледи. Ошону менен бирге мамлекет башчы жаратылышка аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биз Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы өтө жогору экенин сыймыктануу менен айта алабыз. Себеби аны өнүктүрүү республиканын энергетикалык өнүгүү программасынын негизги стратегиялык максаты болуп саналат. Өлкөбүздүн энергетикалык потенциалын элибиздин кызыкчылыгы жана бакубат жашоосу үчүн колдонушубуз кажет.

Бул долбоорлордун аякташы Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун толук чыңдаганга, бардык жарандарыбызды электр энергиясы менен толук камсыздаганга, ошондой эле эл аралык келишимдер боюнча электр энергиясын жеткирүү жаатындагы милдеттенмелерибизди аткарууга толук шарт түзөт”, - деген президент.

Садыр Жапаров президенттик кызматына киришкенден тартып жалпы үч ири ГЭСтин курулушун баштап берди: Камбар-Ата-1, Куланак жана Бала-Саруу ГЭСтерин.

Талас районундагы бир гана Бала-Саруу ГЭСинин сметалык баасы иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме боюнча 22,9 млн долларды түзөт. Маалым болгондой, Бала-Саруу курулуш долбоору үч генератордон турган, жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн, орточо жылдык электр энергиясын иштеп чыгуу 92 млн кВт саат болгон ГЭСти курууну көздөйт.

Ал арада Нарын облусундагы Куланак ГЭСинин курулушун аяктоонун башкы максаты жылына 450 млн кВтсаат электр энергиясын иштеп чыгуу көрсөткүчүнө жетүү болуп саналат. Ошентип, жалпы Нарын облусу электр энергиясы менен камсыз болот.

Аталган ГЭСтин курулушуна капсула салуу учурунда президент Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушу менен аймактагы 5081 гектар айдоо аянтын сугат суу менен камсыздоо жакшырарын билдирген. Ошондой эле ал Нарын дарыясына дагы 2,5 миң мегаВаттык гидроэлектр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалаган.

“Буюрса, жакынкы келечекте дагы көптөгөн орто жана чакан ГЭСтерди курабыз. Биз эки жылдан бери көп эле курулуштарга капсула салып келе жатабыз. Алардын ар биринин курулуш иштери өз убагында бүткөрүлүп келе жатат. Мына бүгүн дагы капсула салган объект төрт жылдан кийин ишке берилет”, - деген президент.

Өз кезегинде ГЭСтердин флагманы Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу болмокчу. Үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда мамлекет башчы бул ГЭСтин курулушуна дагы старт берген. Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегаты туруктуу каржылоо болсо 4 жылда ишке берилет.

“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат. Анын бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Учурда инфраструктуранын (базалар, жолдор, карьерлер) даярдалган бөлүгү бар, 500 кВ Датка-Кемин аба линиясынын жакын жайгашуусу Камбар-Ата ГЭС-1ге электр энергиясын бөлүштүрүү схемасына эң аз чыгым тартууга мүмкүндүк берет, Республиканын калкын кышкы мезгилде энергия менен камсыздоо маселеси чечилет, келечекте өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшү канааттандырылат жана CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциал камсыз кылынат.

Камбар-Ата ГЭСинин курулушу аяктагандан кийин Кыргызстан электр энергиясын импорттобостон, экспорттогон көз карандысыз, толук өзүн-өзү камсыз кылган өлкөгө айланаары күтүлүүдө.

“Азыр бизде жылына 3 млрд киловатт-саат электр энергиясы тартыш. Биз суунун башында турабыз, бирок аны пайдаланбай, отуз жылдан бери бир дагы ГЭС кура элекпиз. Азыр курулушту баштадык. Жалпы мүмкүнчулүктүн он гана пайызын пайдаланабыз. Эгер дагы 90 пайызды кошсок, анда Борбор Азия өлкөлөрүнө эле эмес, Европага, Кытайга да электр энергиясын сата алабыз. Кудай буюрса, ошол күнгө жетебиз”, - деген Садыр Жапаров.

Кыргызстанда ГЭСтердин курулушу энергетикалык коопсуздукту жана потенциалды жогорулатуудан тышкары, туруктуу жумуш орундарын камсыз кылууда. Адистердин айтымында, бир гана Куланак ГЭСинин курулушу менен 800дөн 1000ге чейин жумушчу орун түзүлөт. Ошол эле учурда курулуш бүтүп, объект толук пайдаланууга берилгенден кийин 100гө жакын адам туруктуу жумуш менен камсыз болот.

Кыргызстандын негизги ресурстары гидроэнергетика - (142 млрд кВт/саат), шамал - (44,6 млн кВт/саат), күн - (490 млн кВт/саат), биомасса - (1,3 млрд кВт/саат), көмүр - (1,5 млрд т), көмүр суутектери ( газ, нефть) - (145-260 млн т).

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий