Жапондон бир сап акыл

Аналитика 0

Окумуштуунун кебин капка сал. Кандайдыр бир чечим, же убагында айтылган сөз мамлекеттин келечегин аныктап, өнүгүүсүүнүн нугун туура жакка салып, же тетири буруп коюшу ыктымал. Мунун мисалдары дүйнөлүк тарыхта арбын жана анын бири Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Жапон мамлекетинин тарыхы. Согуштан кийин тыйпылы чыгып, талкаланып жаткан мамлекет учурда ички дүң продукциясынын калктын санына эсептегенде дүйнөнүн экинчи экономикасы. Аны менен бирге, таң калыштуу нерсе – “жапон кереметинин” жаратууда бири нече атактуу жана ошондой эле бир нече карапайым, аттары окумуштуулардын тар чөйрөсүндө гана белгилүү адамдардын алган орду абдан зор болгон.

Бул адамдардын катарында 1945-жылы Жапонду башкарган окуппациялык режимди жетектеген америкалык генерал Дуглас МакАртурду, Жапондун императору Хирохитону айтса болот. Алардын катарында эле, булардын атын эч ким деле билбесе керек, Россиядагы 1917-жылдагы төңкөрүштөн кийин Кошмо Штаттарга качкан орус окумуштуусу Сергей Елисеев жана америкалык окумуштуу аял, этнограф Рут Бенедикт. Тарыхчылардын пикиринде, ушул адамдардын кеңештери жана алардан улам чыгарылган чечимдери болбогондо, Жапон мамлекеттинин тагдыры, деги эле Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки тарыхтын нугу башкача кетмек.

Жапонду изилдеген окумуштуу Сергей Елисеев бул элдин тарыхын, психологиясын жакшы билген. Аны АКШнын жапон таануусунун негиздөөчүчү дешет. Ал революцияга чейин Россиянын эң бир көрүнүктүү инсандарынын бири, ири ишкер, Москвадагы атактуу “Елисеевский” гастрономунун негиздөөчүсү, Григорий Елисеевдин экинчи уулу. 1917-жылдан кийин большевиктерден качып, алгач Францияда, андан кийин Америка Кошмо штаттарында жашаган. Жаш кезинде ал Жапонго агасы менен барып, ошондон тарта Чыгыштын тарыхына жана философиясына абдан кызыгып калган. Андан улам, кызыгуусун арттырып, Токио университетин бүтүрүп, Жапондон жогорку билим алган биринчи чет элдик адам болду. 1934-жылы ал АКШга чакыруу алып, ал жерде Гарвард университетинин алдындагы Яньцзин институтунун директору болуп иштейт.

1945-жылы атомдук бомбаны таштоо тууралуу чечим чыгып, америкалык куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги кайсы шаарга сокку урулары жөнүндө ойлонуп, алгач бута катары Жапондун 794-жылдан 1869-жылга чейинки борбору Киото тандалган. Бирок ошол кезде АКШда жапон тануу боюнча жалгыз ири адис Сергей Елисеев аскерий башкармалыкка кеңешчи болуп, “...бул шаарга сокку урулса жапон эли силерди эч качан кечирбейт!”- деп жарыялаган. Себеби кылымдар бою Жапондун бардык императорлору Киотону байырлап келишкен жана бул улуттун жүрөгүнө бычак сайганга тете болмок. Ошентип, Киотонун ордуна Хиросима жана Нагасаки тандалып, чоң трагедиянын орду алмашты. Бул катуу соккудан кийин Жапондун жетекчилиги, биринчи ирэт император Хирохито согуштун андан ары улана беришинин мааниси жок экенине көзү жетип, император “асмандын уулу” даражасынан баш тартты.

Жапон жетекчилиги толук багынып бергени туураалуу актка кол койгондон кийин, МакАртур башында турган оккупациялык бийликтердин алдында мамлекеттин башкаруу ыкмасын алмаштыруу милдети туруп, алар өлкөнү демократиялаштыруу максатында императорду башка аскерий жетекчилик менен кошо соттоп, керек болсо, өлүм жазасына өкүм чыгарууга даяр эле. Бирок, иштин нугун Рут Бенедикт аттуу айым башка жакка буруп койду. Ал окумуштуу Американын тубаса калкын изилдөө менен алектенген. Андан улам, согуш бүткөн соң, АКШ өкмөтү жапон элинин жашоо-турмушу, үрп-адаты менен таанышып, кандай кыймыл-аракеттерди жасаганга мүмкүн, кандайынан баш тартуу керек экенин билүү максатында окумуштуулардын тобун түзүп, алардын ичине бул айым да кирген.

Рут Бенедикт Американын аймагында кармалган жапон туткундарынын арасында изилдөө жүргүзүп (жапон жоокерлери эч качан колго түшчү эмес экен, бирок антсе да бир үч миңге жакын туткунга алынган экен), Жапон өлкөсү үчүн монархия абдан зарыл экени жана аны жок кылганда мамлекет, эл башкаруудан чыгып кетет деген бүтүм чыгарган. Бул бир жагынан, экинчи жагынан, башкаруучу Дуглас МакАртур императорду башка аскерий жетечилик менен кошо соттоп (аны даргага асыш керек деген пикирлер да болгон), Жапонду монархия эмес, демократиялык республика кылуу керек деген ойлорго кошулган эмес. Жапон элининин баалулуктарында кудайга тете болгон императорду алып салганы менен, пайда болгон боштондук эч нерсе менен толтурулбастыгын сезген.

Бул чечим үчүн генерал МакАртур Жапондун башкы аскерий кылмышкерин сактап калды делип катуу сынга алынган. Бирок, америкалык генералдын пикири боюнча улуттун символу болгон император элди бир рухка келтирип, башкы бириктирүүчү фактор болмок. Айрым изилдөөчүлөр, анын ичинде россиялык окумуштуу Юрий Мещеряков, бул жагдайдын туура болгонун учурда Жапон мамлекети дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн биринчи катарына турганы далилдейт деп белгиелейт.

1946-1949-жылы америкалык администрация агрардык реформаны жүргүзүп, аны экономист Вольф Ладежинский жетектеген. Феодалдардын колунда болгон жер, жалпысынын алганда 2,3 млн. гектар, дыйкандарга сатылып, 1950-жылга карата 3 млн. дыйкан жер чегинин ээси болуп калышты. Бул реформанын жыйынтыгында азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси чечилип, өлкөнүн тез өнүгүшүнө шарт түздү. Аны менен кошо, ошол эле жылдары “Додждун сызыгы” аталган экономикалык реформа жүрүп, булардын барынын жыйынтыгында 1952-жылы өлкөнүн экономикасы согушка чейинки деңгээлге чыкты. Андан кийинки он беш жылдын ичинде Жапон экономикасы Кошмо штаттардан гана артта калып, ички дүң продукция бюнча дүйнөдөгү экинчи экономиканын даражасына жетип, бул статусту 2017-жылы гана Кытайга алдырып жиберди. Бирок, ИДП киши башына санаганда Кытай кыйла артта калат.

Эбегейсиз зор экономиканы куруунун, укмуштуудай технологиялык жетишкендиктердин негизинде карапайым окумуштуулардын бир-эки кеңеши турушу мүмкүн. Кылымдардан бери адамдын текеберлигинде, самурайдык рухка негизделген мамлекетти жаңы замандын алдыңкы өлкөлөрүнүн бирине айлантуунун башында байыркы салттын символу, идеологиялык тирөөчү болгон император турду. Жапон мамлекети болсо байыртан келе жаткан салт менен жашоонун жаңы ыкмаларын эң мыкты айкалыштырган, дүйнөнү таң калдырган ийгиликтүү мамлекет. Чейрек кылымдын ичинде Жапон тыйпылы чыккан өлкөдөн жер жүзүнүн эң бир күчтүү мамлекетине айланды. Андан бетер, ХХ-кылымдын 80-жылдарында Жапон капиталы өзүнөн ашып-ташып, дүйнөнү каптай баштайт. Бөтөнчө АКШда Жапон ишкерлери колго тийгендин барын сатып ала башташып, жакында бүт өлкөнү түп оту менен алып кетишет деп маселе АКШнын Коргонуу боюнча Кеңешинде каралган.

“Жапон керемети” тууралуу кеңири эле белгилүү жана анын негизинде – император Хирохито улуттун лидер катары эски менен жаңынын айкалышынын жолдорун таап, аны коомчулукка сунуштай алганы жатат. Калган экономикалык ийгиликтер ушул идеологиялык базиске тургузулду десе болот. Согуштан кийинки учурда император америкалык аскерлердин коштоосунда өлкөнү көп кыдырып, эл менен жолугат. “Ал асмандан түшпөй эле, кадимки эле адам экени көрүнгөнү менен жапондордун көзүндө ал баягы эле барынан жогору турган император бойдон кала берген. Ар бир жаран аны сыйлаганын билдирип, жаңы мамлекетти курууга катышууну эң ыйык милдет көргөн” – деп россиялык изилдөөчү Александр Мещеряков «Император Хирохито – денеге кайрадан ээ болуу” деген макалада белгилейт.

«Жапондун накта күчү – бул анын өзүнүн кыймыл аракеттери тууралуу: “Бул туура эмес жасалды”- деп айтып, өз кубатын башка нукка сала алганында. Бул күчтү ал өзүн тынчтык өлкөсүнө айландырууга пайдалана алды”, - деп буга чейин аты аталган Рут Бендикт “Хризантема жана кылыч” аттуу китебинде жазып өткөн. Анын сыңарындай көптөгөн өлкөлөр Жапондун жолун улап, гүлдөп өсүп жаткан мамлекетти кургусу келет. Кээ бириники окшошкон, кээ бири болсо жылдар бою туңгуюкка кабылган бойдон жүрүүдө. Булардын ичине Кыргызстанды да кошсо болот.

Салыштырмалуу Кыргызстанда эмне туура эмес кеткен? Эгемендүүлүктү алган кезде бардык эл бир рухта, бир дем менен жаңы коом курууга даяр болчу. Белгилүү болгондой, башы абдан тың башталган. Кыргызстанды бардыгы көкөлөтүп, демократияны курууда коңшунун бардыгынан оозуп кеткен. Бирок, бир жерден тайып кетип, демократиянын, демократиялык институттардын өркүндөп-өсүшүн эмес, эки жолу бийликтин күч менен алмашынын башынан кечирди. Дагы өкүнүчтүү жери – бийлик алмашканы менен, эч кандай бүтүм-жыйынтыктар чыгарылбай, бийликтин да, коомчулуктун да сапаты эч өзгөргөн жок.

Бул жерде Жапон менен кандай аналогия келтирсе болот? Албетте, патриархалдык коомдон рационалдуу коомго өтүү тажрыйбасы Жапондо 19-кылымда Мейдзи убагында башаталганы менен, чыныгы кайра куруу экинчи дүйнөлүк согуштан кийин башталганы түшүнүктүү. Анын үстүнө Жапондогу согуштан кийинки реформалар Америкалык оккупациялык бийликтин көзөмөлүндө жана анын демилгеси менен жүргөн. Кыргызстан патриархалдык коомдон коммунисттик коомго өтүп, Советтер Союзу кыйрагандан кийин рационалдуу (совет доорунда капиталисттик деп аталып келген) коомду курууга өттү. Эң чоң айырмасы – император башында турган жапондук саясий элитасы күчтүү, гүлдөп жаткан мамлекети куруу идеясынын алдында биригип, буга бардык партиялардын мүчөлөрү да, бюрократиялык аппараттын кызматчылары да баш ийди.

Кыргызстандын саясатчылары жана бюрократиялык аппараты эгемендиктин алгачкы жылдары улуттук кызыкчыкылыктарды көздөгөнүн жарыялап келип, бир учурда – оокат, мүлк, байлыктын чыныгы бөлүштүрүү учуру келгенде башында койгон идеалдардан тайып, жекече кызыкчылыгын улуттук кызыкчылыктардан жогору кое баштады. Ошол кезде өлкөнүн жетекчилиги алсыздыгын көрсөтпөй, тетири кетип бара жаткан процессти теске сала алганда, жогорку жетекчилик өзү мыйзамдын жолу менен кете бергенинде өлкөнүн өнүгүшү туура нуктан чыгып кетмек беле?

Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай, Жапондун бийликтеринин эски салт менен жаңы замандын өнүгүү мыйзамдарын, ыкмаларын айкаштыра алганы жана буга саясатчыларды жана чиновниктерди баш ийдире алганы. Экономикалык ишкерлик байыртан келе жаткан бусидо – этикалык ченемдер менен коштолгон. Ал ортодо жеке кызыкчылык жалпы улуттук кызыкчылыктан эч качан жогору турбай, дүркөрөгөн өсүштүн негизин түздү. Жапондо улуттук баалууктарды жана эркин экономиканын идеологиясын алып жүргөн корсерваторлор дээрлик жарым кылым бийликте турганы бекеринен эмес. Жапондун Либералдык-демократиялык партиясын бийлийке монополия кылып алган десе деле болот, бирок бул монополия бир адамдын бийлигине тете эмес – партиянын ичиндеги фракциялык күрөш, партиялардын чиновниктер менен тиреши, ошондой эле, оппозициялык партиялар менен атандашуу демократиялык процессти алгалатып турат.

Кыргызстандын саясий элитасы же улуттук баалуулуктарды идея кыла албай, же Батыш “таңуулап” жаткан реформаларды аягына чыгара албай, спорттук термин менен айтканда “жарым позицияда” турууда. Футболдо топ дарбаза жака илинип жатканда гол кирүү үчүн эң коркунучтуу абал – жарым позицияда туруп калуу. Мында ал же топко жете албайт, же дарбазаны коргой албай калат. Ошентип, же ары же бери боло албай, кыргыз саясий элитасы он жылдардан бери далбастап, бирде туура эмес президентти шайлап алыптырбыз, бирде Конституцияны туура эмес жазыптырбыз, кээде сырткы душмандар тоскоол кылып жатат деген шылтоолорду айтып келет. Түпкү маселени көрүп, аны чечкендин ордуна, ар кыл мааниси такыр тетири иштер мене алектенип келет.

“Саясатчылардын дуба келтиргени, парламенттин алдында курмандык кылып, мал сойгону, улуттук символдорду – герб, желек жана гимнди өзгөртүү боюнча демилгелери жана талаш-тартыштар, революциялык окуяларга пафостук аттарды ыйгаруу каатчылыктан чыгууга эч жардам бербей келет”, - деп “Борбордук Азия жана Кавказ” аттуу жыйнакта чыккан “Учурдагы Кыргызстан: туруксуздуктун онтологиялык тамырлары” аттуу макаласында КОСУнин Эл аралык мамилелер кафедрасынын профессору Досмир Узбеков жана Парламентаризм жана демократия институтунун башчысынын орун басары, саясий илимдеринин кандидаты Ильяс Курманов билдиришет.

Макаланын дагы бир жеринде алар “...улуттун нравалык жана руханий баалуулуктарын алып жүрүүчү болгон интеллигенция моралдык жана коомдук баштоочу, коомду жана мамлекетти башкарууга дараметтүү саясий күчтүн ролун бийликти ишкерлерде жана бийликтик номенклатурага алдырып жиберди. Анын ордун саясатка жана башкарууга кокусунан келип калган, шайлоого каражаты жетиштүү болгон адамдар ээлеп алышты” – деп белгилешет.

Кызыгы, ар дайым өлкөнүн саясатына жаңы адамдар келиши керек, жаштарга жол берилсин, мамлекеттик кызмат жаңылаш керек деген чакырыктар айтылып турат. Ошондо коррупция жоголот, сот адилеттүү болот, экономика өсө баштайт деген ишеним болот. Бирок, бөрүнүн баласы бөрү болот дегендей, жаңы саясатчылар кимден таалим алышат жана жаш чиновниктер кимдин мектебинен өтөт? Мында Жапондун мисалы эң туура келип жатат. Анткени, коррупция, кылмыштуулук жана башка терс көрүнүштөр бул өлкөдө деле арбын. Экономикадагы каатчылык, өкмөттүн бир жылга жетпей, отставкага кеткени да бул мамлекетке мүнөздүү. Жашоонун өтө жогору ыргагы, турмуштун ар кыл жактарында бекем орун алган салттар жарандардын психологиясына катуу кысым көрсөтүп, бул өлкөдө суициддин деңгээли өтө жогору. Бирок, буга карабастан башында салынган саясий пайдубал туруктуу өнүгүүгө, дүйнөнүн лидерлеринин катарында калууга мүмкүндүк берип келет. Кыргызстан ушундай мисалдарды көбүрөөк изилдеп, колдонгонго аракет кылганда балким көпчүлүк маселелердин чечилиш жолдору табылмактыр.

Пикир

Оставить комментарий