• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖККУ кеңешинин жыйынында кандай маселелер козголду?

Аналитика 0

Кечээ, 16-сентябрда Дүшанбеде ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы болду. Иш-чарага Арманиянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Кыргыз Республиасынын президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон жана ЖККнун башкы катчысы Станислав Зась катышты.

Мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздукка таасир эткен көптөгөн маселелерге токтолушту. Жолугушуунун маанилүү темаларынын бири Афганистандагы кырдаал болду.

Кыргызстан боюнча айта турган болсок, КР президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселе көтөрдү. Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун сакталышы кыргыз тарап Уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин буга өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирерин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат, өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Аймактагы абалды эске алуу менен Садыр Жапаров бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда Уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну айтты.

«Президент Садыр Жапаров ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын көңүлүн кыргыз тарап Уюмдун анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында өнөктөштөр менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча стратегиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенине бурду», - деп белгилейт мамлекет башчынын басма сөз кызматынан.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи.

«Биз ЖККУ алкагында мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепилдиги катары өзгөчө маани беребиз. Учурда чөлкөмдөгү болжонгус аскердик-саясий кырдаал чоң тынчсызданууну жаратууда жана ал тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Өз тарабыбыздан, биз биргелешкен ишти өз ара колдоо духунда улантууга даярбыз жана уюмдун бардык мүчө-мамлекеттерин буга чакырабыз», — деп белгиледи ал.

Муну менен катар Жапаров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Афганстандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун билдирди. Ал биздин региондо теократикалык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасир этээрин белгиледи.

«Биз Афганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Афганистандагы жалпы абалга келсек, сессия учурунда катышуучулар кырдаал тыкыр көзөмөлгө алынып жатканын белгилешти. Саясий жана дипломатиялык ишмердүүлүк артыкчылыктуу бойдон калууда.

“ЖККУга мүчө-мамлекет башчылары Афганистандын аймагынан келип чыккан коркунучтар менен чакырууларга каршы туруу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча күчтөрдү жумшоого макул болушту. Уюм чек арадагы абал курчуп кетсек, Тажикстандын коопсуздугун камсыз кылууга практикалык жамааттык чараларды иштеп чыккан. Ушул максатта ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн бир ай ичинде тажик-афган чек арасына жакын "Издөө-2021", "Эшелон-2021", "Өз ара аракеттенүү-2021" жана "Кобальт-2021" сыяктуу масштабдуу машыгуулары өткөрүлөт", - деп айтылат жолугушуунун отчетунда.

Муну менен катар сессияда ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынды. Анда ЖККУнун жоопкерчилигиндеги аймакта мамлекеттердин коопсуздугуна жана көз карандысыздыгына коркунучтун уланып жаткандыгына олуттуу тынчсыздануу билдирилип, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту чыңдоо, эларалык көйгөйлөрдү эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдеринин жана принциптеринин негизинде адилеттүү чечүү үчүн ырааттуу иштөө чечкиндүүлүгүн баса белгилейт.

“Биз ЖККУга мүчө мамлекеттердин көп деңгээлдүү саясий консультацияларынын натыйжалуулугун жогорулатууну жактайбыз, анын алкагында жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга координацияланган жамааттык жооптор иштелип чыгат.

ЖККУга мүчө мамлекеттер УУюмдун тышкы байланыш тутумун жакшыртуу үчун ЖККУнун алдындагы Байкоочу институттарды жана ЖККУнун өнөктөштөрүн өнүктүрүү боюнча бирдиктүү иштерди улантат,

ЖККУга мүчө мамлекеттер мындан ары да биздин уюмдун тышкы байланыштар системасын жакшыртуу, эл аралык жана аймактык коопсуздукту чыңдоого жардам берүү үчүн анын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында ЖККУнун Байкоочу жана ЖККУнун Өнөктөштүк институттарын өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөнү улантышат.

Мүчө мамлекеттер ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын прогрессивдүү өнүктүрүүнү улантышат.

Ошондой эле, биз өзгөчө көңүл бурган ЖККУнун тынчтыкты сактоо мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө тиешелүү маанилүү документтерге кол коюлду. 2007-жылдын 6-октябрындагы ЖККУнун Тынчтыкты сактоо иштери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлган. Бул өзгөртүүлөр ЖККУнун Тынчтык күчтөрүн БУУнун көзөмөлү астындагы “координациялоочу ЖККУга мүчө-мамлекет” аркылуу тынчтык орнотуу операцияларында колдонуу мүмкүнчүлүгүн карайт”, - деп айтылат декларацияда.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий