• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Апта: Жарыкка чектөө болбойт, Кыргызстандагы орточо маяна, тез татым жайындагы өрт

Аналитика 0

Бул аптада да бир катар окуялар болуп өттү. Ошол эле электр энергиясына байланыштуу "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын билдирүүсү, Бишкектеги тез татым жайындагы жарылуу...

Электр энергиясына чектөө болбойт

Кыш жакындап, күн сууктай баштаганда Кыргызстанда жылуулук берүү, электр энергиясына байланыштуу суроолор көп бериле баштайт: жылуулук качан берилет, электр энергиясы кыштын чилдесинде өчүрүлбөйбү ж.б. Апта башында "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсы күз-кыш мезгилинде электр энергиясына чектөө болбой тургандыгын билдирди.

Ишкана билдиргендей, КР өкмөтүнүн 2019-жылдан 14-октябрындагы "2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине карата КР калкы жана экономика тармактарынын даярдыктарынын жүрүшү тууралуу" токтомуна ылайык, чектөөлөр өткөн жылдын керектөөлөрүн эсепке алуу менен көбүрөөк көрсөтүлгөн. Бул маалымат, көбүнесе, аталган убакытка электр энергиясын керектөө көлөмү боюнча билдирүү калтырган мекемелерге тиешелүү.

Кыргызстандагы орточо маяна

2019-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда орточо айлык маяна 236 доллар же 16 миң 451 сомду түздү.

Орточо айлык акы кайсы кесип экендигине жараша айырмаланып турат. Маселен биринде орточо айлык 8,7 миң сом болсо, биринде 36,2 миң сомду түзөт.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун, Кыргызстанда 5 жыл ичинде орточо айлык акы 33%га өскөн.

"2018-жылы өлкөдөгү ишкана, мекеме жана уюмдардын бир кызматкеринин орточо номиналдык айлык акысы 16 миң 218 сомду түзгөн. Каржы ортомчулугу жана камсыздандырууда – 36 миң 209 сом, маалымат жана байланыш – 32 миң 260 сом, электр энергия, газ менен камсыз кылуу – 30 миң 995 сом, унаа ишмердиги жана жүк сактоо – 24 миң 924 сом. Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин орточо маянасы 11 миң 379 сом болсо, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлериники 10 миң 198 сомду түзгөн", - деди ал.

Кыргызстанда сейрек коюлган ысымдар

Кыргызстанда 2019-жылдын 10 айында 147 миң 300 наристе жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Инфоком мамлекеттик ишканасы билдирет.

Жаңы балалуу болгон ата-эне баласына ат коюуга олуттуу карап, атына заты жарашсын деген ниет менен жакшы ат тандоого аракет жасашат. Көп учурда балдардын аттары бири-бирине окшош келет. Бирок балдарга сейрек коюлган аттар да бар:

Кыздар: Аврора Венди, Шия, Айзенем Сафия Жизель, Акеана, Артемизия-Дифина;

Балдар: Рамзан Кадыров, Абель Кейн, Князь, Ахиллес, Мамалак.

Тез тамактануу жайындагы өрт

Бишкекте жума, 8-ноябрь күнү Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануу жайы күйүп, анын айынан 1 адам – тез тамактануу жайында иштеген кыз каза болуп, 14 адам жаракат алган.

Жаракат алгандардын жетөө Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат, алардын экөө жаш балдар. Жабыркагандардын үчөө амбулатордук дарыланууга коё берилген. Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, жарылуу болгон «Антошка» тез татым жайынын ижарачысы кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери уланууда, керектүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

"Кыргыз каганатынын доору" коллекциялык тыйындары

Улуттук банк 5-ноябрь күнү "Кыргыз каганатынын доору" аталышындагы жаңы коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды. Жаңы чыгарылган тыйындар тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова айтып берди.

Ал билдиргендей, Улуттук банк "Кыргыз каганатынын доору" сериясынан "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы", "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" күмүш коллекциялык монеталарын, ошондой эле "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

"Кыргыз каганатынын доору" сериясынын "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы" жана "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" коллекциялык тыйындары кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган.

Момункулова белгилегендей, күмүш тыйындар 2 миң даана, жез-никель тыйын 5 миң даана болуп чыгарылган.

Күмүш тыйындын баасы 2650 сом, ал эми жез-никель монетасы 380 сом турат.

Басма сөз күнү

7-октябрь күнү Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленди. 7-октябрдын Маалымат жана басма сөз күнү болуп калышы Кыргызстандын тарыхындагы тунгуч гезит – "Эркин Тоо" (азыр - "Кыргыз Туусу") гезитинин биринчи санынын жарыкка чыгышы менен байланыштуу. "Эркин Тоо" гезитинин алгачкы саны 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөн. Ага байланыштуу КР Өкмөтү 1993-жылдын 1-ноябрында 7-октябрды Маалымат жана басма сөз күнү деп белгилүү чечимин кабыл алган.

Журналисттердин кесиптик майрам күнүнө байланыштуу президент куттуктоо сөзүн айтып, журналсттердин ишине ийгилик каалады.

"Сөз эркиндиги – өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм", - деп айтылат президенттин куттуктоо сөзүндө.

Журналисттерди өкмөт башчы да куттуктап, куттуктоо сөзүндө аларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн айтып өткөн.

"Биз республикада сөз эркиндигинин бар экендиги жана ар бир жаран мааниси зор жана олуттуу маселелер боюнча өз ой-пикирин ачык-айкын билдире алары менен сыймыктанабыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү журналисттердин эмгегин жогору баалайт. Сиздер материалдарыңыздарда өтө зарыл маселелер, жарандардын кыйынчылыктары тууралуу айтып берип, ишенимдүү фактыларга негизделген конструктивдүү сын-пикирлерди билдирип келесиздер. Биз жарандык коомдун бардык институттары, анын ичинде масс-медиа менен үзүрлүү жана натыйжалуу диалогду колдойбуз. Биздин ишибизди жакшы кылган сиздер болуп саналасыздар", - деп айтылат премьер-министрдин куттуктоо сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий