• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

MegaCom боюнча иштерге чекит коюлду. Кыргызстан эл аралык арбитраждан утуп чыкты

Аналитика 0

КР министрлер кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору 2021-жылдын 8-октябрында Penwell Business Limited компаниясынын Кыргыз Республикасына каршы иши боюнча акыркы арбитраждык чечим кабыл алынганын билдирди. Чечимге ылайык, доогердин 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндө компенсация төлөп берүү талабы арбитраждын курамы тарабынан толугу менен четке кагылган. Атап айтканда, арбитраждык соттун чечими менен доогер Кыргыз Республикасына инвестиция салууда жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы менен да, түздөн-түз да коррупциялык аракеттерге бир нече жолу барганына токтом чыгарган.

Эскерте кетсек, доогер Penwell Business Ltd оффшордук компаниясы 2017-жылдын июлунда Кыргыз Республикасы доогердин "БиМоКом" ЖЧКсына (товардык белгиси – MegaCom) салымдарын экспроприациялаган деген доомат менен Кыргызстанга каршы эл аралык арбитраждык териштирүүнү баштаган.

Борбор бул Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган 30 жылдык тарыхында орун алган коррупциялык аракеттердин негизинде чет элдик инвестордун дооматтары толугу менен четке кагылган биринчи учур экенин белгилейт. Аталган чечим Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен ишке ашырылган ак ниеттүү чет элдик инвестицияларга Кыргызстан ачык экендигинин белгиси болуп саналат.

Penwell Business Limited компаниясынын доосу боюнча арбитраждык процесстин өнүгүү хронологиясы

2017-жылдын июлунда Penwell Business Limited компаниясы ЮНСИТРАЛ арбитраждык эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасына каршы арбитраждык териштирүүлөрдү козгоп, MegaCom соода маркасы менен иш алып барган кыргызстандык "БиМоКом" ЖЧКсына инвестицияларды экспроприациялоо фактысы үчүн 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндө компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган.

2018-жылы октябрда Penwell Business Limited компаниясынын дооматын текшерүүнүн негизинде кыргыз тарап King&Wood Mallesons компаниясы аркылуу юрисдикция маселеси боюнча каршылык билдирип, кийин ал четке кагылган.

2018-жылдын ноябрынан 2019-жылдын августуна чейин баштапкы стратегияга талдоо жүргүзүлүп, жаңы коргоо стратегиясына өтүү зарылчылыгы боюнча позиция аныкталган. Материалдарды изилдөөнүн негизинде Кыргызстан King&Wood Mallesons компаниясы менен кызматташууга токтолгон.

Бул мезгилде “БиМоКом” компаниясынын Penwell Business Limited компаниясынан жаңы ээлерине өтүшүнө байланыштуу 35 томдук кылмыш иштерин изилдөө боюнча жигердүү иштер башталган. Атап айтканда, Penwell Business Limited компаниясынын ак ниеттүүлүгү жана инвесторлордун жүрүм-турумундагы коррупция маселелери изилденген. 2019-жылдын ноябрына карата Борбордун басым мамлекеттик органдар жана соттор тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун негиздөөгө гана эмес (баштапкы стратегия), ошондой эле Penwell Business Limited компаниясынын жаман ниетин далилдөөгө багытталышы керек деген акыркы расмий көз карашы калыптанган.

2019-жылдын сентябрь-декабрь айларында King&Wood Mallesons компаниясы менен келишим бузулуп, борбордун кызматкерлери тарабынан Penwell Business Limited компаниясынын 2010-жылга чейинки коррупциялык аракеттерине басым жасоо менен жаңы стратегияны иштеп чыгуу боюнча өз алдынча даярдоо иштери жүргүзүлдү.

2019-жылы 23-октябрда комиссиянын жыйыны болуп, анын жүрүшүндө Willkie Farr & Gallagher LLP компаниясы менен келишим түзүү сунушталган.

2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыгызстандын кызыкчылыгын Willkie Farr & Gallagher LLP эл аралык юридикалык фирмасы коргогон.

2020-жылы мартта КР арты-артынан өзүнүн каршы пикирин билдирип, анда ал алгачкы каршы пикирлердин аргументтерин иштеп чыгып, кеңейтти, ошондой эле жаңы стратегиянын алкагында жаңы аргументтерди жарыялады. Ошентип, Кыргыз Республикасы доогердин талаптары, анын ичинде инвестордун коррупциялык жүрүм-туруму өңүтүндө кабыл алынгыс экенин билдирди.

2020-жылдын октябрында компетенттүүлүк жана жоопкерчилик боюнча беш күндүк угуу болуп, ал эми ушул эле жылдын ноябрь айында угуунун жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндөгү позициялар сунушталды.

2021-жылы 8-октябрда арбитраждык сот өзүнүн акыркы чечимин чыгарды, ага ылайык доогер компаниянын 298 млн АКШ доллары көлөмүндөгү компенсациясы жөнүндөгү талабы Penwell Business Limited компаниясынын КРда өзүнүн инвестициясын жүзөгө ашыруу жана колдоодо коррупциялык аракеттерге катышкандыгына байланыштуу толугу менен четке кагылды.

Бул олуттуу жеңишке министрлер кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борборунун командасынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн – Willkie Farr & Gallagher LLP эл аралык юридикалык фирмасынын жакшы координацияланган жана натыйжалуу ишинин аркасында жетишилди.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий