• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо иштеп жүргөн 16 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Каракол шаарында “Эмгек – Өспүрүм” аттуу рейддик иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө базарлар, эмгек биржалары, унаа жуучу жана башка жайлар текшерилип, аталган жерлерде 16 өспүрүм иштеп жаткандыгы аныкталды.

Текшерүү учурунда иш берүүчүлөр балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен тиешелүү эмгек келишимдерин түзүшпөгөндүгү белгилүү болду.

Аныкталган фактылар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш берүүчүлөргө КР мыйзамдарына каршы келген балдар эмгегине жол бербөө боюнча катуу эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, рейдге Каракол шаардык милициясынын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору, мэриянын социалдык бөлүмүнүн жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий